Бишкек административдик соту Жылдызкан Жолдошованын арызын четке какты
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 11-декабрда, Бишкек шаарынын административдик соту №8 шайлоо округу талапкер Жылдызкан Жолдошованын арызын канаттандырган жок.
Жылдызкан Жолдошова Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) токтому туура деген чечим кабыл алып койгонун жана Жогорку сотко даттанарын билдирди.
БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн талапкер Жылдызкан Жолдошова 9-декабрда Бишкек шаардык административдик сотко кайрылган. Ал өзүнө жалган жалаа жабылып, добуштары жокко чыгарылып кеткенин, муну менен өзүнүн да, шайлоочулардын да укугу бузулганын айтып чыкты.
Жолдошова шайлоодо №8 округдан 1894 %6 же13% добуш алып гендердик квота боюнча алдыга чыккан.
Шайлоодон кийин добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-декабрда № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттары деп Акаев Жанарбек, Примов Улан жана Төрөбекова Нуржамал таанылды.
№ 8 шайлоо округу боюнча алдыңкы үч орунга мындай добуш туура келди:
— Акаев Жанарбек – 13 856 добуш (9,73%);
— Примов Улан – 11 009 добуш (7,74%);
— Төрөбекова Нуржамал – 3 145 добуш (2,21%) менен өттү.
Ал эми Жолдошова Жылдызкан – 2 590 добуш (1,82%) өтпөй калды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Баштапкы жыйынтык боюнча аталган №8 шайлоо округунан Жанарбек Акаев, Примов Улан, Жылдызкан Жолдошова алдыда келе жаткан.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




