БШКнын чечими боюнча Жылдызкан Жолдошова административдик сотко кайрылды
- 1 месяц мурун
- Видео
Борордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн талапкер Жылдызкан Жолдошова Бишкек шаардык административдик сотко кайрылганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
“Адам укуктары эле эмес, миңдеген шайлоочулардын укуктары тебеленип турган учур. Урматтуу мекендештер, шайлоочуларым, кечээ, 9-декабрда, БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылдым” деп билдирди Жолдошова.
Ал өзүнө жалган жалаа жабылып, добуштары жокко чыгарылып кеткенин, муну менен өзүнүн да, шайлоочулардын да укугу бузулганын айтып чыкты.
Жолдошова шайлоодо №8 округдан 1894 %6 же13% добуш алып гендерлик квота боюнча алдыга чыккан.
Шайлоодон кийин добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.
Жодошованын иши боюнча сот 11-декабрда саат 8:30 да Бишкек административдик сотунда болмокчу.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-декабрда № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттары деп Акаев Жанарбек, Примов Улан жана Төрөбекова Нуржамал таанылды.
№ 8 шайлоо округу боюнча алдыңкы үч орунга мындай добуш туура келди:
— Акаев Жанарбек – 13 856 добуш (9,73%);
— Примов Улан – 11 009 добуш (7,74%);
— Төрөбекова Нуржамал – 3 145 добуш (2,21%) менен өттү.
Ал эми Жолдошова Жылдызкан – 2 590 добуш (1,82%) өтпөй калды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Баштапкы жыйынтык боюнча аталган №8 шайлоо округунан Жанарбек Акаев, Примов Улан, Жылдызкан Жолдошова алдыда келе жаткан.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




