Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Тизмеден өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз   

  • 1 год мурун

Борборбдук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Ленин районунун шайлоочуларына кайрылып, шайлоо тизмесинен өздөрүн тактоону суранды.

“Урматтуу Бишкек шаарынын № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары! КР БШК 2023-жылдын 17-майына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактооңузду суранат:

— 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;

— «tizme.gov.kg» сайтында;

— шайлоо участогунда;

— өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).-

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 17-майына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик «Тизме» порталындагы (tizme.gov.kg) «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот» деп билдирди БШК.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында, жекшемби күнү өтөт.

Шайлоого 32 талапкер катталды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты