Бир мандаттуу үч шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкер көрсөтүү аяктады

  • 2 месяца мурун

30-июнда саат 24.00дө №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШКнын билдирүүсү боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип 44 жаран арыз берген.

2024-жылдын 30-июнунун 24:00 саатына карата шайлоо өнөктүгүнө катышуу ниетин:

—  №5 Ноокат округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 1 аял;

— №36 Ысык-Көл округу боюнча — 20 талапкер;

— №29 Свердлов округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 2 аял билдирген.

БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 2024-жылдын 10-июнуна чейин депутаттыкка талапкерлерди каттайт.

БШК бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, 10-июндан тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталарын маалымдады. Ал  29-июнда саат 8:00дө аяктайт.

23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат шайлоо округунан депутат Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты. 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. 

Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган. Бишкек шаарынын административдик соту Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 30- апрелиндеги жарлыгына ылайык, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча да Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты