ИИМ: Министр Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

  • 2 года мурун

Пара алууга шектелип кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 28-сентябрдын кечинде Бейшеналиев пара алуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анда «чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатканы», — жазылган.

ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин белгиленген.

Бейшеналиев жана анын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты