«Бейөкмөт уюмдар тууралуу» мыйзам долбоорун карап жаткан жумушчу топтун иш мөөнөтү узарды

  • 10 месяцев мурун

Президенттик администрация демилгелеген «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу» мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топтун иш мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды.

Президент Садыр Жапаров токтомго 14-июнда кол койгон.

Документке ылайык, жумушчу топ мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын 1-октябрга чейин сунушташы керек. Мындан мурда 1-июнга чейин гана мөөнөт берилген.

«Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу» мыйзамды президенттик администрация 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну «мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо» зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Долбоордо Кыргызстанда «чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар» түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт.

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил партия “Ата-Журт Кыргызстандын” курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбооруна демилгечи болуудан бир канча депутат баш тартып жатышат.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты