Бишкектин Саманчин көчөсү узартылды

Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкеде буга чейин унаа жолу жок болгон. Саманчин көчөсүндөгү жолдун жаңы тилкесинин ачылышы аталган эки көчөнү байланыштырды.

Бул тууралуу 22-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Саманчин көчөсүндө аткарылган иштердин жыйынтыгы менен таанышуу учурунда маалымдалды.

Бул тилкеде аянты 1 200 чарчы метрди түзгөн тротуар курулуп, жолдун бир тарабына сугат системасы каралган жана жол белгилери түшүрүлгөн.

Саманчин көчөсүнүн калган бөлүгүндө тротуарларды куруу жана ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Мэр Айбек Жунушалиев «Газпром Кыргызстанга» жакынкы убакта ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштерин уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле буга чейин Саманчин көчөсүнүн боюндагы жашыл тилкеде жайгашкан 19 жеңил типтеги объект демонтаждалган. Ал жерде узундугу 300 метрден ашкан сквер уюштуруу пландалууда.

Шаардын жол, жөө адамдар үчүн өтмөк жана коомдук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер улантылып жатканы белгиленди.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты