Дагы бир депутат бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартты

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» парламенттик фракциясынан депутат Лейла Лурова бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартты.  

Ад журналисттерге мыйзам долбоорун жеткиликтүү изилдебей туруп, кол коюп койгонун билдирди.

“Төрт ай мурда бул мыйзам долбоору сунушталганда, колумду коюп бергем. Андан кийин документти толук окуп, изилдеп чыккандан кийин, өзүмдүн кол коюумду артка алдым. Биздин өлкөдө мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршымын. Ал биздин мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербейт” деди депутат Лурова.     

Өткөн жылы 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”  мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи.

Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти. 

Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Ошондой эле Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков да демилгечилер катарынан чыккан.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты