Өлкө башчы кыргыз-тажик чек ара маселеси кантип чечилгени тууралуу маек берди
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине кыргыз-тажик чек ара маселеси толук чечилгени жана ал кандай шарттарда чечилгени тууралуу маек берди. Ал маегинде талаш болуп келген жерлер эки өлкө ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн билдирди.
Садыр Жапаровдун айтымында, кыргыз-тажик чек ара маселеси «эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилген».
«Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат», — деген Садыр Жапаров.
Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол койгондон кийин тышкы иштер министрлери кол коюшу керек. Андан кийин Парламенттерден ратификациядан өткөндөн кийин эки президент тарабынан кол коюлат.
Журналисттин Тажикстан менен чек ара посттору качан ачылат деген суроосуна өлкө башчы төмөндөгүдөй жооп берген:
«Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылат. Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. 3 жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек».
Ошондой эле Садыр Жапаров чек ара маселелери бүтпөгөн жерде чет элдик инвесторлордун жана туристтердин келишине тоскоолдук жараларын кошумчалаган.
Эске салсак, 4-декабрда Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуусу болуп өткөн. Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташканы айтылган.
Сүрөт: интернет булактары