Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү чаралары жөнүндө жарлыкка кол коюлду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Баткен жана Ош облустарында болгон Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүү каралды.

Комиссияга Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан жарандардын жана юридикалык жактардын, анын ичинде ишкердик субъекттердин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияы төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун иштеп чыгууу жана Министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү;

Жарлыкта Тажикстандын агрессиясы убагында жабыр тарткан жарандардын, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, дене-боюна жаракат алгандардын, турак жайынан, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнөн айрылгандардын, укукту күбөлөндүргөн жана укукту белгилеген документтерин жоготкондордун тизмесин түзүү, курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүү,  жеңидик берүү жана башка шарттар каралган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

КР саламаттык сактоо министрлиги Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 18-сентябры, саат 17:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны — 140 адам, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал эми каза болгондордун жалпы саны – 46га жетти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты