Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы сел кесепеттерин жоюу чаралары көрүлүүдө
- 7 дней мурун
Бүгүн, 4-майда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшүнө байланыштуу ыкчам түрдө кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн учурдагы кырдаал жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндамалары угулду.
Жер-жерлерде сел агызып келген ылайды тазалоо, унаа жолдорун жана жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатканы белгиленди. Кесепеттерди жоюуга ӨКМ, ИИМ, Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана атайын техника тартылган.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү органдарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде кырдаалга мониторинг жүргүзүү, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу аткаруу, келтирилген зыянды баалоо жана селдин келип чыгышын алдын алуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
2-майда болжол менен саат 19:00 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Баткен облусунун Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош–Баткен–Разаков унаа жолунун 280-чакырымында жол каттамы убактылуу жабылган.
Баткен районунун Уч-Дөбө айылында сел жүргөн сайдын жээгинде жайгашкан кооптуу аймактан 35 үй-бүлө (149 жаран) коопсуз жайга эвакуацияланды.
30-апрелде түнкү саат 22:00дөр чамасында жааган нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички сел каналдарына батпай калып, Манас шаарында 40тан ашуун турак жайдын короолорун, 4 социалдык объектини суу каптаган.

Сүрөт: gov.kg
Иллюстрациялык сүрөт: Баткендеги сел. ӨКМ Баткен.




