Мэрия: Бишкекте Айтматов проспектисинде өрттөн жабыркагандардын турак жай маселеси боюнча бир нече вариант каралууда
- 1 неделя мурун
Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги өрт болгон көп кабаттуу үй катуу жабыркап, жашоого жараксыз экени аныкталган. Мэрияда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүүгө багытталган бир нече вариант каралууда. Алардын бири — тургундарды мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдоо. Жалпы жабыркагандардын ичинен беш батир камсыздандырылган, ошол батирлердин ээлери белгиленген тартип боюнча компенсация ала алышат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
ЖМКда Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги өрттөн жабыркагандар жардамсыз калды деген маалыматтардын тарады. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы бул маселе боюнча кандай иштер жүрүп жаткандыгын дагы бир жолу эске салды. Буга чейин шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мурда өрттөн жабыркаган тургундар менен жолуккан.
Текшерүү учурунда имарат катуу жабыркап, жашоого жараксыз экени аныкталганы айтылган. Өрт чыккан көп кабаттуу үйгө Бишкек шаарынын мэри барганда, жабыркаган үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүүгө багытталган бир нече вариант каралып жатканы айтылган. Алардын бири — тургундарды мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдоо экени белгиленген.
Мэрдин тапшырмасынын негизинде жабыркагандарга биринчи кезектеги жардам көрсөтүлгөн. Бардык жабыркагандар убактылуу жайга жайгаштырылып, зарыл шарттар менен камсыздалган.
Жабыркагандар менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында материалдык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынып, мэрдин резервдик фондунан 22 үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон төлөнгөн.
Турак жай үчүн компенсация маселеси мыйзам чегинде гана жөнгө салынат жана мамлекеттик камсыздандыруу механизмдери аркылуу ишке ашары белгиленди. Жалпы жабыркагандардын ичинен беш батир камсыздандырылган, ошол батирлердин ээлери белгиленген тартип боюнча компенсация ала алышат.
Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу тарабынан тургундарды жайгаштыруу, жардам алуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
«Учурда жабыркаган үй-бүлөлөрдү андан ары колдоонун ар кандай жолдору каралууда. Аларды жайгаштыруу, кошумча жардам көрсөтүү жана мамлекеттик түзүмдөр, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык компания менен бурак жай боюнча сүйлөшүүлөр тартипте каралат.
Бишкек шаарынын мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантууда жана жабыркаган үй-бүлөлөр берилген толук жардамды алышы үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жаткат» деп айтылат соңку маалыматта.
Сүрөттөр: bishkek.gov.kg




