Министрлер кабинетинде баанын жогорулашын жана инфляцияны ооздуктоо чаралары талкууланды

Министрлер кабинетинде төраганын биринчи орун басары Данияр Амагелдиевдин жетекчилиги алдында 21-августта 2026-2027-жылдары баанын жогорулашын жана инфляцияны ооздуктоо чаралары талкууланды.  

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Анда айтылгандай, төмөнкүдөй чараларды көрүү пландалды:

-эт өндүрүүнү көбөйтүү, анын ичинде малдын башын кеминде 20 миңге көбөйтүү;

-баага мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, эттин баасынын жогорулашына жол бербөө;

-агросектор өндүрүшүн колдоого алуу, агрокомплекс өндүрүшүнө, май өндүрүү тармагына жеңилдик менен кредит берүүнү колго алуу;

-кампа логистикасын өнүктүрүү, ар бир облуста сыйымдуулугу жалпы18 миң тоннаны түзгөн кампа объекттерин куруу;

-буудай менен толук камсыздоо, мамлекеттик корду толуктоо үчүн жергиликтүү фермерлерден 20 тоннадай буудай сатып алуу;

-фермердик чарбаларды 68 миң тонна үрөн менен камсыздоо, минералдык жер семирткеичтерди тиешелүү көлөмдө камсыздоо;

-айыл чарба азыктарын ортомчулардын санын кыскартуу менен түз камсыздоо, соода түйүндөрүн көбөйтүү жана башка чаралар талкууланды.

Аталган иш-чаралар Улуттук банк менен макулдашуунун алкагында болжол менен инфляцияны 7% деңгээлинде камсыз кылууга өбөлгө түзөт.  

Данияр Амангелдиев аталган иш-чараларды өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын белгиледи.

2026-2027-жылдарга финансылоонун жалпы көлөмү 36 млрд 635 млн сомду түзөт.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты