Баткен облусун калыбына келтирүүгө дээрлик 500 млн сом бөлүндү

  • 2 года мурун

Ош жана Баткен облустарын калыбына келтирүүгө өлкө бюджетинен дээрлик 500 миллион сом (497 миллион 600 миң) бөлүндү. Бул сумма жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тажикстандын Кыргызстанга агрессивдүү чабуулунун натыйжасында көп сандаган социалдык-жарандык инфраструктура жана турак жай имараттары жабыркады. 140 миңдей кыргызстандык үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү, ошондой эле региондогу куралдуу кагылышуулардан жапа чеккен жарандардын жана уюмдардын жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол коюп, ага ылайык Министрлер кабинетине бир катар чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле, мамлекет башчы бир күн мурун кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып өлкөнүн аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөк акылар жылдык маянанын 80 % чейин көтөрүлөт.

Мындан тышкары, учурда өлкө бюджетинен дээрлик 500 миллион сом (497 миллион 600 миң) бөлүндү. Бул сумма жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат.

Инфраструктураны калыбына келтирүүгө, ошондой эле зарыл эвакуацияланган жарандарды жана жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүгө республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүү пландаштырылууда.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Жаракат алгандардын саны 185 кишиге жетти. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты