Баткен: Кырдаал салыштырмалуу туруктуу

  • 2 года мурун

18-сентябрь саат 15:30да Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. 

Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

“Бардык кызматтар окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Жеринде инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү иштери менен алек болууда. Кооптонууга негиз жок. Жарык, таза суу, интернет жана уюлдук байланыш калыбына келтирилүүдө. Ошондой эле Ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү иштер аткарылууда”деди ал.

Тулаев кошумчалагандай, президенттин облустагы өкүлүнүн буйругу менен бардык ведомствонун өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү.

“Комиссия келтирилген чыгымды эсептейт. Буга бир жума мөөнөт берилди»деди облус башчысынын биринчи орун басары.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салганынын кесепетинен 37 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ал эми жаракат алгандардын саны 129га жетти.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты