Баткен: Үйлөр курулуп бүткүчө атайын чатырлар салынууда

  • 2 года мурун

Баткен облусунда жергиликтүү тургундардын үйү курулуп бүткөнгө чейин атайын чатырлар курулууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөх кызматы билдирди.  

Маалыматта меши менен кийизден жасалган жылуу курама үйлөр ысык-суукта бирдей температураны сактай алары жана ден соолукка зыяны жок экендиги айтылды.

Аталган үйлөр Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде курулуп жатат.

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан 640 турак үй бар экени такталган.

Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түздөөгө муктаж. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына

ӨКМ тарабынан жалпысынан 237 жеке курам, 41 атайын техника

жана жергиликтүү бийликтен 26 техника тартылган.

Облус боюнча: 160 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 147 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 13 турак үй бузулуп тазаланып, жалпы жумуштун көлөмү 34047 м3ду түздү.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду. 200 кө жакын киши жарат алды. Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты