Баткен: Абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайтып келүүдө

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы абалга  байланыштуу, кооптуу аймакка жакын жайгашкан айылдардан  эвакуациялангандардын 9880 киши туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандарды кайра көчүрүү ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары жана  жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан  жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, жарандар өздөрүнүн жеке унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат.

Баткен облусу боюнча 11 052 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 410 адам туугандарынын үйлөрүнө,  642  адам  жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында  даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.

Аталган пункттарда ӨКМдин Баткен облустук түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, жарандарды ысык тамак-аш, 670 комплект төшөк, жаздык, матрац, шейшеп менен камсыздашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. 11 аскер адамы жаракат алган.
Аталган факт боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды.

Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты