Башкы прокурорлук кызматка Нурлан Сулайманкулов сунушталууда  

  • 2 месяца мурун

Башкы прокурорлук кызматка үч талапкер сунушталууда. Алардын бири Нурлан Сулайманкулов экенин Кактус медиа өздүк булактарына таянып билдирди.  

Нурлан Сулайманкулов президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы. Коомчулукка 2016-жылы өзү Бишкек шаарынын прокурору болуп турган кезинде социалдык тармактарда жардамчысына кол чатыр көтөрткөн адам катары таанылган.  

Бүгүн, 3-июнда, башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты