Малик Бектургановду башкы прокурор дайындоого парламент комитети макулдук берди  

Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүн, 8-сентябрда, башкы прокурорлук кызмат ордуна Малик Бектургановду дайындоого макулдук берди.

Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Комитет мүчөлөрү Бектурганов Маликти башкы прокурорлук кызматка дайындоого макулдук берүү маселесин жактырды.

Буга чейин башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго жүктөлгөн. Ал эми башкы прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Сүрөттө: Малик Бектурганов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты