Башкы прокурор Асаналиев: “Кандай гана мыйзам бузуу болбосун, эч кимден коркпой, тартынбай, кайрылыңыздар”

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 8-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокуратуранын отчету угулду. Депутат Элвира Сурабалдиева башкы прокурор Максат Асаналиевден УКМК кызматкерлеринен жабыр тарткандар тууралуу сурады:   

-Акыркы окуяларды эске алганда, УКМК кызматкерлеринен жабыркаган жарандардын кайрылуулары абдан көп болуп жатат. Ошол боюнча тактай турган маалымат болуп турат. Убагында Камчыбек Көлбаевден жабыркагандар бизге кайрылгыла деп УКМК жетекчилиги жарыялаптыр. Анан бир жаран кайрылып жатат, «Көлдө пансионатым бар эле, уюшкан кылмыштуу топтор тартып алышкан. Мен сүйүнүп, барсам, менден экинчи ирет УКМК кызматкерлери тартып алган» дейт. “Ал мамлекетке өттүбү” десем, “жок, ошонун тегерегинде иштеп жүргөндөрдүн бирөөнүн колунда” дейт. Ушундай учурлар текшерилип жатабы?-деп суроо салды депутат Элвира Сурабалдиева.

Прокурор Максат Асаналиев мындайча жооп берди:

-Мындай арыздар бизге өтө көп түшүп жатат. Кечээ мен комитетте берген маалыматта да белгилеп кеттим, биздин өндүрүштө мындай мүнөздөгү 386 арыз каралып, ар кандай процессуалдык чечимдер кабыл алынып жатат. Мен бул учурдан пайдаланып, айтып коеюн деп жатам, жалпы коомчулук үчүн, кандай гана мыйзам бузуу болбосун, эч кимден коркпой, тартынбай, прокуратура органдары болобу, күч органдарына кайрылыңыздар. Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде адилеттүү, калыс чечимин чыгарып беребиз. Эч кимде эч кандай кандай күмөн саноо болбош керек,-деди башкы прокурор Асаналиев.

-Сиз айткан пансионат боюнча маалыматым азыр жок, ал кишилердин маалыматын берип койсоңуз, биз териштиребиз,-деди башкы прокурор.   

Депутат Элвира Сурабалдиева Тергөө комитетин түзүү боюнча да суроо берди.

Башкы прокурор Максаn Асаналиев бул ички иштер органдарында, коопсуздук кызматында, Бажы кызматында жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, прокуратура системасында, Аскер прокуратурасында жүрүп жатат, мен бүгүнкү күндө мыйзам долбоорун көрө элекмин. Резонанстуу, өзгөчө оор кылмыштар, экономикалык, кызматтык кылмыштарды Тергөө комитетине берсе туура болмок де ойлойм,- деген пикирин айтты.  

Сүрөттө: Башкы прокурор Максат Асаналиев. kenesh.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты