Башкы прокуратура депутат Абировго кылмыш ишин козгоого парламенттин макулдугун сурады   

  • 1 год мурун

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратурага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.

Матариалдарга ылайык, 2023-жылдын 12-мартында саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген күзөт агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Дж. жана А.А уулу Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар, аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен.

Учурда кылмыш иши боюнча А. Д. жана П.Э. кармалышкан.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

Ошондуктан, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ЖМКга берген маалыматы боюнча, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнүн ресторандарынын биринде саат 03:30да коомдук тартипти бузган адамдар Д.А. ны сабап салганы айтылат. Жабыр тарткан адам улуттук госпиталга кайрылган жана анын баш мээсинин жабыр тартуусу боюнча медициналык аныктама коюлган.

12-мартка караган түнү Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Мушташ ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров да байкалганы айтылган. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Депутат Жаныбек Абиров мушташка байланыштуу кечирим сурап, мындай деди:

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм. Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя үчүн өкүнөм. Мени кечирип коюуңуздарды суранам” деди депутат Абиров.

Сүрөт: kenes.kg:

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты