«Эмоцияга алдырбашым керек болчу». Жаныбек Абиров мушташка байланыштуу кечирим сурады

  • 1 год мурун

Депутат Жаныбек Абиров мушташка байланыштуу кечирим сурады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм. Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн өкүнөм. Мени кечирип коюуңуздарды суранам», — деди ал.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ЖМКга берген маалыматы боюнча, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнүн ресторандарынын биринде саат 03:30да коомдук тартипти бузган адамдар Д.А. ны сабап салганы айтылат. Жабыр тарткан адам улуттук госпиталга кайрылган жана анын баш мээсинин жабыр тартуусу боюнча медициналык аныктама коюлган.

12-мартка караган түнү Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Мушташ ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров да байкалганы айтылган. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы “Жал” кичи районунда курулган көп тармактуу эс алуу аянтчасынын ачылышына катышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты