Балбак Түлөбаев: Чек ара маселесин колдоп берүүңүздөрдү суранам

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди колдош керектигин билдирди.  

-Тарыхый миссиянын алдында турабыз. Акыркы этап келет, “Кызыл китебибизди” алышыбыз керек. Элди угуп келиңиздер. Ошол “кызыл китебибизди” алып, толук кандуу өлкө болобуз.   

Кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн чек ара маселесин колдоп бериңиздерди суранам,-деди Балбак Түлөбаев.   

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын билдирип, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча бир нече документ кабыл алынды. 

Сүрөттө: Балбак Түлөбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты