«Бакиев кайсы акчага ооз ачыруу уюштурду?» Депутат суроо салды
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 2-апрелде, депутат Дастан Бекешев үйлөрдү бузуу, мүлк маселесин көтөрүп, ошону менен бирге мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ооз ачыруу уюштурганы тууралуу, аны ким аркылуу жана кайсы каражатка уюштурганын, Бакиевге сот чечими бар экенин ошол ооз ачыруу уюштуруу акчасын мамлекеттин пайдасына алыш керектигин билдирди.
-Мына, жакында биздин мурдагы президент Курманбек Бакиев ооз ачыруу өткөрдү. Ким анын акчасын которду, ким уруксат берди, кайсы каражатка өткөрдү? Кечирип койгула, бирок сот чечими бар, ошол акчаны мамлекеттин пайдасына алыш керек болчу. Эгер кимдир-бирөө сот чечимин жокко чыгарып койбосо. Ал эми мурда мүлк алып койгондордукун, “кызыл сызык” ушул жактан өтөт деп тартып албай,-деди депутат Дастан Бекешев.
1-апрелде Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Исхак Масалиев, Улукбек Ормонов жана Элдар Абакиров Бишкек шаарында үйлөрдү бузуу маселесин көтөрдү.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев Жалал-Абадда ооз ачыруу уюштурганы тууралуу социалдык тармактарда маалымат жарыяланган.
2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, кылмыштуу иштердин бети ачылышы мүмкүн экенин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевге тиешелүү “ЭлКат” компаниясы мамлекетке кайтарылганын жана ушул сыяктуу бир катар объекттер мамлекетке кайтарылышы мүмкүн экенин айтты.
Сүрөт: Интернет булактарынан




