Ысык-Көл форуму: Аскар Акаев Кыргызстандын экономикасы өнүгүп жатканын билдирди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-июнда, Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл форумунун экинчи күнүнө Кыргызстандын мурдагы президенти, академик Аскар Акаев катышууда.

Форумда ал окумуштуу катары сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономика өнүгүп жатканын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандагы “экономикалык кереметин” улантуу үчүн президент Садыр Жапаровго дагы 8-10 жыл берүү керек экендигин айтты.

Форумда журналистердин “Кыргызстанга кайтасызбы?” деген суроосуна Аскар Акаев “Жакшылап чакырсаңар сөзсүз келем” деп жооп берди.

Ысык-Көл форумуна Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, кытай адабиятынын классиги Ван Мэн, дүйнөгө белгилүү тарыхчы жана эксперт Питер Франкопан, кинорежиссер Али Хамраев, белгилүү сүрөтчү жана арт-менеджер Василий Церетели, ошондой эле Азия жана Европанын көптөгөн башка белгилүү маданият жана илимий ишмерлери катышууда. 

Ысык-Көл форумунун ачылышына президент Садыр Жапаров катышып сөзсүйлөдү. Албаниянын президенти Байрам Бегай да катышты.

Форумдун иши БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Гравенин, Түрк мамлекеттери уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин, ICESCOнун Башкы директору Салим Бин Мухаммед Аль-Маликтин жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы жана чөлкөмдөгү директору Амир Пиричтин чыгуулары менен уланды.

18-июндагы программанын алкагында биринчи пленардык сессия өтүп, анда Кытай, Улуу Британия, Россия жана Кыргызстандын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү:

— Чжан Хунсэнь — КЭР Жазуучулар союзунун төрагасы;

— Питер Франкопан — Оксфорд университетинин профессору (Улуу Британия);

— Василий Церетели — сүрөтчү, Россия көркөм сүрөт академиясынын президенти (Россия);

— Осмонакун Ибраимов — Улуттук илимдер академиясынын академиги, жазуучу жана коомдук ишмер.

Сөз сүйлөгөндөрдүн ар бири Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк гуманизмдин устаты катары гениалдуулугун жана Форумдун тынчтык, коопсуздук жана жаратуучулук жолундагы эл аралык натыйжалуу диалогдун ордосу катары ролун өзгөчө белгилешти.

Форум өз ишин 19-июндан 21-июнга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде улантат.

Медиафорумдун ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегацияларынын 25тен ашуун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 60тан ашуун өкүлү катышууда.

Арслан Койчиевге президенттин Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлүнүн статусу берилди.

Ысык-Көл интеллектуалдык форуму Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы уюштурулган. 

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.

Ал кийин 2021-жылы «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акаев УКМКга сурак берип, тергөө менен кызматташа турганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты