Бабырбек Жээнбеков атындагы Сөз эркиндигин колдоо фондунун сыйлыгы ыйгарылды (Видео)  

Бүгүн, 3-сентябрда, Бишкек шаарындагы “Достук” мейманканасынын “Империал” залында медиаменеджер, саясатчы Бабырбек Жээнбеков атындагы Сөз эркиндигин колдоо фондунун 2022-жыл үчүн сыйлык ыйгаруу аземи өттү.

Аземди ачкан  саясатчы Равшан Жээнбеков быйылкы жылы Бабырбек Жээнбековду эскерүү менен бирге, анын атындагы Сөз эркиндигин колдоо фонду түптөлгөнүн, анын алгачкы сыйлыгы тапшырыларын белгиледи.

Жыйынга саясатчылар, журналисттер, жазуучулар жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн саясатчылар Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдрахманов, Асия Сасыкбаева, Жылдыз Жолдошева, жазуучу Жумабек Токтогазиев Бабырбек Жээнбековдун адамдык, кесиптик жана саясатчы катары өмүр жолунун урунттуу учурларына кыскача токтолду.

Андан кийин Бабырбек Жээнбеков атындагы Сөз эркиндигин колдоо фондунун 2022-жыл үчүн сыйлыгын ыйгаруу аземи өттү.

Равшан Жээнбеков өлкөдө сөз эркиндиги үчүн салым кошкон саясатчылар, журналисттер арбын экендигин белгиледи. Иликтөөчү журналист Болот Темировго адилетсиз айыптар коюлуп келет. Ал эми жаңы түптөлгөн фонддун сыйлыгына татыктуу болгон адамдарга да бейкүнөө айыптар тагылып, абакта отурушат.     

Бабырбек Жээнбеков атындагы Сөз эркиндигин колдоо фондунун алгачкы сыйлыгына — бейкүнөө айып тагылып, камакка алынган жарандык активисттер Тилекмат Куренов жана Адилет Балтабай, Next TV каналынын директору Таалайбек Дүйшөнбиев, блогер Ырыс Жекшеналиев татыктуу болуп, атайын статуэтка жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Сыйлыкка татыктуу болгондор учурда камакта отургандыгына байланыштуу, алардын  сыйлыгын алууга жакындары келишти.  

Адилет Балтабай 30-июнда «массалык башаламандыкка чакырык жасаган» деген айып менен камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту активистти бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Кийин сот Балтабайдын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта кечинде милицияда бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Жарандык активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Ал 2020-жылдын июнь айында, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө жана жаңы Конституциянын кабыл алынышына каршы болуп, депутаттардын жана Президенттин ишин сындаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев камакка алынган.

Сүрөт коллажында: Камакта жаткан блогер Ырыс Жекшеналиев, Next телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев, жарандык активисттер Адилет Балтабай жана Тилекмат Куренов.

Бабырбек Жээнбеков атындагы Сөз эркиндигин колдоо фондунун сыйлыгы ыйгарылды (Видео)  
Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты