«Бүгүнкүдөй мыйзамсыздыкты биринчи көрүп жатабыз». Болот Темировдун Кыргызстандан чыгарылышына реакция

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарлык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарды. Социалдык тармактын колдонуучулары соттун чечимине нааразы болгондугун билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев буларды билдирди:

-Акыркы жылдары бийлик дүйнөгө чачылган кыргыздарды жыйнайлы деген аракет кылып жүрсө, сот Болотту айдап жиберди. Паспорту туура эмес экен имиш.

Кызык, Болот өзү колу менен паспорт жазыптырбы!?!

Конституция, 66 берене — «Президент Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат, -деди депутат Масалиев.

Юрист Сания Токтогазиева шаарлык соттогу бүгнүкүдөй мыйзамсыздыкты биринчи жолу жолу көрүп жатабыз деди:

-Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул чечим акылсыз, мыйзамга жатпаган чечим, адаттан тыш сот жоругу. Аны сот залынан күч менен чыгарып, белгисиз жакка алып кетишти. Адвокаттарга да, Болоттун өзүнө да кайсы жакка алып баратканын айтышкан жок. Ага соттун чечимине каршы арыз жазууга мүмкүнчүлүк да беришпеди. Бишкек шаардык сотунда укукка каршы аракеттер болуп келген, бирок бүгүнкүдөй мыйзамсыздыкты биринчи көрүп жатабыз, -деди Сания Токтогазиева.   

Социалдык тармактын колдонуучулары да бул чечимди караөзгөйлүк катары баа беришүүдө.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши Бишкек шаардык сотунда 23-ноябрда каралат деген чечим 17-ноябрдагы отурумда кабыл алынган. Анын себеби түшүндүрүлгөн жок.

28-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Боло Темировду актоо өкүмүн чыгарган. Сот Болот Темировдун ишиндеги бир гана эпизод- 379-берене боюнча күмөн бар деп тапкан.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп кармап, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү. 

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

23-январда Болот Темиров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулган.

20-апрелде Темировго карата жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты