ӨКМ Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизди
- 1 месяц мурун
Бишкек — Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, к Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө 24-мартта саат 22:25тен тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Бул кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатын көздөйт.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү