“Айрым блогерлер “каптап кетти” деп, тоскоолдук жаратууда. Ушундайларга чекит коюп, токтотушубуз керек”. Президент блогерлер тууралуу

  • 1 месяц мурун

“Айрым блогерлер, оппозиция өкүлдөрү же популист саясатчылар “каптап кетти, жайнап кетти” деп, тоскоолдук жаратып жатышат. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек” Бул тууралуу Садыр Жапаров Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата темир жол курулушуна мезгил кутусун салуу учурунда билдирди.

Ошондой эле Президент ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чет элдик адистерди тартуу маселесине да токтолду.

“Айрым блогерлер, оппозиция өкүлдөрү же популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек.

Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген учурларда кошуна мамлекеттердин адистерин тартып жатабыз”, — деди Садыр Жапаров.

Президент ошол эле учурда ата мекендик кадрларды даярдоо жүрүп жатканын белгиледи: кыргыз инженерлери жана куруучулары окууга жиберилип, келечекте мындай долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу үчүн практикалык тажрыйба топтоп жатышат. Курулушуна азырынча өз компетенциялары жана ресурстары жетишсиз болгон объектилер чет элдик адистерди убактылуу тартуу менен курулуп жатат.

“Эгерде биз мындай иштерди бир гана өз күчүбүз менен аткарууну талап кылсак, анда мындай долбоорлорду биздин инженерлердин күчү менен ишке ашыруу 15-20 жылга созулушу мүмкүн. Буга байланыштуу биздин блогерлерди мындай чагымчыл маанайларга алдырбоого жана алардын жайылышына көмөктөшпөөгө чакырам.

Ошону менен катар техникалык жактан татаал эмес Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Каракол темир жолунун курулушун, биз өз күчүбүз менен ишке ашыра алабыз жана бул иштер жүрүп жатат”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Соңунда Президент Садыр Жапаров аталган долбоордун курулушу Кыргызстандын экономикасын, туризмин жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болорун баса белгилеп, жаңы темир жол аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

Буга чейин активист Мавлян Аскарбеков кармалган. Ага кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлуп, эки айга камакка алынды. Аскарбеков кытайлар көбөйүп кеткенин социалдык тармакта билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты