Сот соцтармакта Нурбек Токтакуновдун аброюна шек келтиргендиги үчүн Санжарбек Тилековго айып салды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 3-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Фейсбук колонуучу Санжарбек Тилековго соцтармакта Нурбек Токтакуновдун аброюна шек келтиргендиги үчүн 20 миң сом айып пул салынды.
Бул тууралуу Нурбек Токтакунов социалдык тармакта билдирди.
“Тилеков Санжарбек өз күнөөсүн мойнуна алып, менден кечирим сурады. Мындан ары өзүнүн баракчасын маданияттуу алып барат. Ошентип, мен фейсбукту анча-мынча тазаладым. Ошентип, силер дагы өзүңөрдүн ар-намысыңарды коргосоңор болот. Бирөө силерди сөгүп, жамандап же жалаа жаап жазса, КР Укук бузуу кодексинин 107-беренесине таянып, милицияга кайрылсаңар, алар протокол түзүп, сотко алып барат. Баарыбыз бири-бирибиздин ар-намысыбызды сыйлайлы” деп жазды Токтакунов Фейсбук баракчасына.
Укук бузуулар кодексинин 107-беренеси боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген адамга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.
Сүрөттө: Нурбек Токтакунов. Интернет булактарынан




