Массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип Threads колдонуучусу кармалды
- 2 месяца мурун
Instagram жана Threads социалдык тармактарында белгилүү predator4407 аккаунтунун администратору, 1979-жылы туулган кыргызстандык А.Д.С. аныкталды.
Маалыматта ал өлкө чегинен тышкары жайгашкан деструктивдүү күчтөрдүн лидерлери менен байланышта болуп, бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга чакырыктар жазылган постторду жана комментарийлерди жарыялап тургандыгы айтылат.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултуп келген. Мындан тышкары, Instagram жана Facebook социалдык тармактарында 20дан ашык жасалма аккаунт түзүп, алардын жардамында жалпыга маалымдоо каражаттарындагы учурдагы жаңылыктардын астына атайылап провокациялык комментарийлерди калтырган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу) боюнча кылмыш иши козголуп,А.Д.С. камакка алынды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




