Даниэл Ажиев БАЭге учуу аракети учурунда кармалды. УКМК анын вебкам студияларын аныктады  

  • 1 год мурун

УКМК тарабынан Э.А. аттуу жарандын акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган арыздын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Д.А. (Даниэл Ажиев-ред.) жетектеген “вебкам” студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Э.А. аттуу жаран аталган “вебкам” студия оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал тарабынан зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2000 АКШ доллар талап кылганы аныкталган.

Бул факты Даниэл Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Даниэл Ажиев тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан.

Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт. Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Даниэл Ажиев кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу, ага издөө жарыяланган. жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалды.

 УКМК менен Өзбекстандын компетенттүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 2023-жылдын 4-июнунда Д.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты