Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапары соңуна чыкты

  • 2 года мурун

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына 11-12-октябрда болгон мамлекеттик сапары соңуна чыкты.

 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери чакан жана кеңейтилген курамда эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунда кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди. Эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ушул эле күнү мамлекет башчыларынын катышуусунда кыргыз-азербайжан достук паркынын ачылышы болду.

12-октябрда Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин катышуусунда Бишкекте Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган жалпы билим берүүчү мектеп ачылды.

Андан соң президенттер азербайжандык белгилүү акын Низами Гянджеви атындагы мектепте болушту.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен аяктады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты