Кыргызстанга Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен келди

  • 2 года мурун

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. 

Азербайжандын Президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортунан Президент Садыр Жапаров тосуп алды. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат. 

Мындан тышкары, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты