Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу аземи өттү. 

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын  Президенти Ильхам Алиев катышты. 

Мамлекет башчы Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгиледи. Анын пайдубалы Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиев тарабынан түптөлгөн. 

Президент мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. 

Садыр Жапаров быйылкы жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканын канааттануу менен баса белгиледи. 

Андан соң өлкө лидерлери мектептин залдарын жана класстарын кыдырып чыгышты. 

Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды

11-октябрда Кыргызстанга Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргыхстанда мамлекеттик иш сапары менен келди. Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 11-октябрда кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты