Салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов III даражадагы «Манас” ордени менен сыйланды. Ошондой эле “Группа Альянс” акционердик коомунун президенти Муса Бажаев, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Медетбек Букуев, кардиохрург Сейтхан Жошибаев, окутуучу Тилектеш Ишемкулов, отставкадагы генерал-майор Кемелбек Киязов, профессор Камчыбек Узакбаев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Сүрөттө: Алмамбет Шыкмаматов
Муну бөлүшүү




