Мунапыс тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилди

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров “Мунапыс беруу негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат берилди.

Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” мыйзамын кылмыш-жаза жана жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Мыйзамда 7-берененин 1-бөлүгүн төмөндөгү мазмундагы пункттар менен толуктоо каралган:  террористтик ишти каржылоо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды жасоо, уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, ошондой эле диверсия. Бул кылмыштар кылмыш-жаза кодексинин 253, 255, 263, 267 жана 325-беренелеринде каралган жана аларга мунапыс колдонулбайт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты