Активист Зарина Төрөкулова сот чечими менен кайра камалды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 5-апрелде, Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарып, ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» анын жактоочусу Акмат Алагушев билдирди.

«Шаардык сот Биринчи май райондук прокуратурасынын арызынын негизинде Төрөкуловага берилген пробациялык мөөнөттү жокко чыгарып, калган беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Төрөкулова сот залынан камакка алынды» деди Алагушев.

Адвокат шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова «жапырт башаламандыкка» шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист «социалдык тармактарда «чагымчыл» билдирүүлөрдү жасаган» деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» деген беренеси менен иш козголгон.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист өзүнө коюлган айыптарды «саясий буюртма» деп атап келет.

Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган.

Ал буга чейин «Улуу журт» жана «Күч биримдикте» партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты