Активист Зарина Төрөкулова 30-октябрга чейин камакка алынды

  • 8 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгү (“Массалык баш аламандыктар”) боюнча чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө Фейсбук социалдык тармагында жарыялаган Зарина Төрөкулова аттуу аккаунт ээси камиалганын билдирди.   

Зарина Төрөкулова кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланюы.

2023-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 30-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Активист Зарина Төрөкулова Фейсбук баракчасы аркылуу бийликке сын-пикирлерин билдирип келген.

Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты