Дипломатиялык кызматтын ардагери Мукун Асейинов дүйнөдөн кайтты

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын толук жана ыййгарым укуктуу элчиси, дипломатиялык кызматтын ардагери, эмгек сиңирген экономист Мукун Асейинович Асейинов 86 жаш курагында 2026-жылдын 22-августунда дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу көңүл айтуу кабары президенттик администрациянын сайтында жайгаштырылды.  

Маалыматта айтылгандай, Мукун Асейинов 1941-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Фрунзедеги советтик соода техникумун (1959-ж.), Москва кооперативдик институтун (1965-ж.), Комсомолдун Бүткүлсоюздук уюмунун Борбордук комитетинин мектебин (1963-ж.), Коммунисттик партиянын Бүткүлсоюздук уюмунун Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти (1974-ж.), СССР Эл чарба академиясын (1985-ж.) аяктаган.

Мукун Асейинов комсомолдук, партиялык кызматтарды жогорку кызматтарды аркалап келген.  

1996–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчиси кызматында иштеген. Элчилик кызмат менен катар Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы (ЭКУ) туруктуу өкүлүнүн милдетин ийгиликтүү аткарган. 2012-жылы Мукун Асейинов Шри-Ланкадагы ардактуу консул болуп дайындалган.

Мукун Асейинов 1986-1991-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты катары мыйзам чыгаруу жаатында да үзүрлүү эмгектенген.

Мукун Асейинов партиялык, мамлекеттик, дипломатиялык жогорку жооптуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенип Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзүнүн зор салымын кошкон.

Мукун Асейиновдун мамлекеттин жана элдин алдындагы талыкпаган эмгеги жогору бааланып, үчүнчү даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Ал “Кыргыз Республикасын эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наамынын ээси болгон.

Мукун Асейиновдун ар бир кызматка карата жоопкерчиликтүү мамилеси жана иштин көзүн билген бай тажрыйбасы, мамлекет алдында сиңирген эмгеги элдин эсинде дайыма сакталат.

Дипломатиялык кызматтын ардагери Мукун Асейинов дүйнөдөн кайтты

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттө: Мукун Асейинов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты