“Ата Мекен” партиясы: Текебаевге кол салууну саясий репрессия жана оппозицияны коркутуу катары кабыл алабыз  

«Ата Мекен» саясий партиясы партия лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча билдирүү жасап, саясий репрессия жана оппозицияны коркутуп-үркүтүү катары кабыл алганын жарыялады.

-1-декабрда саат 15:30дар чамасында Бишкектеги “” ичиндеги кафе-барда “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Ч.Текебаевге кол салуу болду.

70тен ашык агрессивдүү беткапчан бандиттердин тобу Текебаевди күч менен уурдап, белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет кылышкан.

Беткапчан бейбаштар каршылык көрсөткөндөн кийин Текебаевге кол кɵтɵрүп, уюлдук телефонун тартып алышкан. Чабуулчулар коркутуу жолу менен Текебаевден шайлоонун жыйынтыгын мыйзамдуу деп таанууну талап кылышкан.

Бул факт биздин “бандиттик” мамлекетке, саясий террорго ыктап баратканыбызды көрсөтүп турат, -деп айтылат билдирүүдө.

“Ата Мекен” партиясы: Текебаевге кол салууну саясий репрессия жана оппозицияны коркутуу катары кабыл алабыз  

Текебаевге карата каралоолор шайлоого чейин да болуп келгендиги белгиленди.   

-Биздин партиянын мүчөлөрүнүн жана жетекчилигинин өлкө элинин кызыкчылыгын көздөгөн оппозициялык билдирүүлөрү, жарандардын курч коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн көтөрүү, бийликтен “Кумтөр” боюнча иш-аракеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун талап кылуусу бийликтин каршылыгын жаратты. Ал тургай үгүт маалында мамлекет башчысы менен УКМКнын башчысы Текебаевдин жана “Ата Мекен” партиясынын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жасашкан.

Ɵлкɵдɵ мыйзам чегинде шайлоо процесси жүрүп жатканын эске алсак, талапкерлерге кысым көрсөтүүгө жол берилбейт!

Жогорудагы аракеттерди шайлоо процессине тикелей басым жасоо жана административдик ресурсту колдонуу деп эсептейбиз!

Өлкөнү нормалдуу демократиялык процесске кайтарып, саясий кризисти токтото турган акыркы шайлоолордо бийлик административдик ресурсту колдонуу менен чындап эле добуштарды уурдады. Добуштарды эсептөөнүн  автоматташтырылган тутумунда манипуляциялар болду жана добуштарды кол менен саноодо бурмалоо фактылары көп катталды. Бир нече күндөн бери кол менен саноо бүтɵ элек. Анын жыйынтыгы ишеним да жаратпайт. Ошол эле учурда бийлик расмий жыйынтыктарды жарыялабай жатат.

Бул фактылардын баары шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүктү жаратып, шайлоо процессинин ачык-айкын өтүшүн камсыз кылбагандыгын далилдейт.

Бир нече партиялардын жеңишин жасалма жаздырып алуу менен бийлик өзү коомдогу саясий тирешүүнүн кезектеги айлампасын козгоп жаткандай таасир калтырды.

Бийликтен Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча тез арада ачык, тыкыр иликтөө жүргүзүүнү талап кылабыз!-деп айтылат билдирүүдө.   

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Текебаевге кол салуунун артында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети турат деген сөз тарап, атайын кызмат муну четке каккан.

Сүрөт: «Ата Мекен» саясий партиясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты