Асылбек Жээнбеков менен Акылбек Жапаров куда болду (Видео)

Жакында Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куда болду.

Жапаровдун уулу Максат Акылбек уулу менен Асылбек Жээнбековдун кызы Бегимай баш кошту.

Социалдык тармактарда тараган видеодо Асылбек Жээнбековдун кызы Бегимайдын кыз узатуу аземи экс-спикер Жээнбековдун батиринде өтүп жатканы чагылдырылган.

Видеодо Асылбек Жээнбековдун агасы, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жаштарга бата берип жатат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 9-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотту.

Судья Нурдин Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрүнүн айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Саясатчы Асылбек Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

8-декабрда парламент жыйынында атайын комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровду  абактан  бошотууну сунушташкан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты