Президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин саясатташтырбаш керек экенин белгиледи

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин ашыкча саясатташтырбаш керек экенин, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерден улам, кызыкчылыктардын кагылыш болбошу үчүн ал кызматтан четтетилгендигин белгилеп өттү.

-Ачыгын айтып коюш керек, бул жетишкендиктерге Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар. Анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм, бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. Маселен акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу, демек салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам, Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдук, -деди президент Садыр Жапаров.

Бүгүн, 18-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана башка МинКаб мүчөлөрү ант беришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты