Акылбек Жапаров 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүү боюнча токтомго кол койду

  • 1 год мурун

6-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын карамагындагы 100 троллейбусту жана 9 тартуучу подстанцияны Ош шаарынын мэриясы өткөрүп берүү боюнча токтомго кол койгон. Бул тууралуу Эркин-Тоо гезитинин 13-декабрдагы санына жарыяланды.

Эске салсак, 29-августта Бишкек шаардык кеңеши жыйын өткөрүп, анда борбордогу 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүү чечими чыккан.

Мындан мурун Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынарын шаардын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирген. Мындан улам 28-июнда Бишкек шаарынын тургундары №14 троллейбуста «Кийинки аялдама» аталышындагы акцияга чыгышкан. Акциянын жүрүшүндө шаар тургундары Бишкек мэриясынын троллейбус линияларын бузуп, бүтүндөй аталган транспорттук системаны жок кылуу аракетине каршы чыгышып, транспорттун экологиялык жактан эң таза түрү жок болуп жаткандыгын айтышкан.

Ошондой эле мындан бир ай мурун транспорт тармагындагы окумуштуулардын эл аралык эксперттик коомчулугу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге дүйнөдөгү эң мыкты троллейбус системаларынын бирин сактап калуу боюнча ачык кат менен кайрылышкан. Алар катында борбор калаада абанын булгануу коркунучу алдында экологиялык жактан таза транспорт системасын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешкен. Катка  Голландия, Германия, Канада, Түркия, Улуу Британия, Италия, Болгария, Польша жана Финляндиянын окумуштуулары катка кол коюшкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты