Акылбек Жапаров кызматтан кетти

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 16-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Акылбек Жапаров өз каалоосу менен арыз жазганы жана президенттик аппарат, өкмөттүн аппараты менен коштошкону айтылууда.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. 2021-жылы 12-октябрда Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

11-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев өкмөттүн ишмердүүлүгү жетиштүү эмес экендигин, мындан улам өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирген.

Бүгүнкү Министрлер кабинетинин жыйынын Бакыт Төрөбаев алып барды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты