Акылбек Жапаров: «Черчилль деген чоң атабыз бар». «Акча жесем, ушул жерге коюшмак беле?»
- 4 недели мурун
- Видео, Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде «кустуризация» тууралуу оюн айткан.
-Мен өкмөттөн кетип калгандан кийин “бул эмне, минтпейт, тигинтпейт” деп эле, эгерде ошоночо 300 млрд сомду жеп алып эле, мени ошол жерге коюп коймок беле? Ал деген шыбак болот, далилдейт, жасайт. Мен Садыр Нургожоевич менен аябай жакшы иштештим, андан мурда Аскар Акаев менен, Бакиевдин убагында, Азимбек Анаркуловичтен сурасаңыз айтат, Максим менен канча текшерип, эмне кылган, андан кийин Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин убагында. Бул ошондой эле келатат. Черчилль деген чоң атабыз бар, ал айткан, ал дагы “Сузактан, Барпыдан болуш керек же Кочкордонбу” ал айткан, “балдар деген, ата-энесин ким өлтүргөнүн унутуп коюшу мүмкүн, бирок менчигин тартып алгандарды эч убакта унутпайт, укумдан тукумга уланып кетет” деген. Мунун баарын сот чечиш керек”, -деди Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров Азия илимдер академиясынын жетекчилеринин бири экенин 5-августта Ысык-Көлдө кыргыз-орус экономикалык форумунда журналисттерге билдирген.
Азия илимдер академиясы 2024-жылы түзүлгөн. Ага Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы окумуштуулары, мамлекеттик ишмерлер мүчө. Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп 2021-жылдын декабрынан тарта 2024-жылга чейин иштеген.
2024-жылы 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. 2021-жылы 12-октябрда Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
2024-жылы 11-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев өкмөттүн ишмердүүлүгү жетиштүү эмес экендигин, мындан улам өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирген.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Видео: Ыдырыс Исаковдун баракчасынан




