Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Адылбек Касымалиев дайындалды
- 3 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин Адылбек Касымалиев аткарат. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Адылбек Касымалиев буга чейин вице-премьер-министр, финансы министри, вице-премьер-министр болуп келген.
Бүгүн, 16-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти.
Сүрөттө: Адылбек Касымалиев. gov.kg
Муну бөлүшүү