Аскат Жетиген: «Мага коюлган күнөөлөргө макул эмесмин» (Видео)
- 4 месяца мурун
- Видео
Бүгүн, 1-июлда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ырчы, активист Аскат Жетигендин соту улантылды.
“Мен мурда 25-июнда айткандай эле, мага коюлган күнөөлөрдү четке кагам. Себеби менин кайрылууларымда элди башаламандыкка же бийликти күч менен басып алууга эч кандай чакырык жок. Иш адилеттүү каралса, мен сотто отурбайт элем. Анткени бул айып пул менен кутула турган иш” деди Аскат Жетиген сотто.
Мындан мурдагы, 25-июндагы сотто да Аскат Жетиген акыркы сөзүндө кайрылууларында массалык баш аламандыкка, бийликти басып алууга чакырыктар болбогонун билдирген.
Аскат Жетигенге коюлган 327-берене, бийликти басып алууга чакырык боюнча — 4 жыл, 278-берене, массалык башаламандыктарга чакырык боюнча — 6 жыл, кыскартып жана жалпылап, 8 жыл эркинен ажыратууну суранды.
Аскат Жетиген УКМК 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакырык») менен козголгон.
Сүрөт: «ПолитКлиника». 1-июль 2024-жыл.