Сотто айыптоочу Аскат Жетигенди 8 жыл эркинен ажыратууну суранды (Видео)
- 7 месяцев мурун
- Видео
Бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ырчы, активист Аскат Жетигендин соту уланууда.
Аскат Жетигенге коюлган 327-берене, бийликти басып алууга чакырык боюнча — 4 жыл, 278-берене, массалык башаламандыктарга чакырык боюнча — 6 жыл, кыскартып жана жалпылап, 8 жыл эркинен ажыратууну суранды.
Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу») менен козголгон.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры эл арасында белгилүү.
Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.
Сүрөт: «ПолитКлиника». 25-июнь 2024.