Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыкты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетине “Кумтөр” иши боюнча сурак берип чыкты.

Бул тууралуу анын адвокаты Айбек Самарбеков ЖМКка билдирди.  

Адвокат сурак дагы улантыларын, Аскар Акаев ушул жуманын аягына чейин Кыргызстанда болорун кошумчалады.   
Мурдагы президент Аскар Акаев 14-декабрда Москвадан Кыргызстанга келген.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон кийин биринчи жолу ушул жылы, 2-августта, Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча сурак берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты